Кыргызстандын жылдыздары Кремлдеги гала-концертке катышат

Москвадагы Кремль сарайында Кыргызстан, Өзбекстан, Европа жана Азиянын жылдыздары катышкан гала-концерт болот. Үстүбүздөгү жылдын 15-январында “Борбор Азия элдеринин достугу” аттуу калаа концерти өтөт.

Иш-чара Россиядагы кыргыз диаспорасынын колдоосу менен Мамлекеттик Кремль сарайынын чоң залында өтөт. Уюштуруучулар аймак өлкөлөрүнүн ортосундагы достук мамилени чыңдоону максат кылышууда.

Концертте Кыргызстандын, Өзбекстандын, Европанын жана Азиянын белгилүү артисттери өз өнөрлөрүн тартуулашат.

«Программада убакыт сынагынан өткөн хиттер, жылдыздуу дуэттер жана жагымдуу сюрприздер көрүүчүлөрдү күтөт», — деп айтылат билдирүүдө.

Гала-концерттин артисттери: Озода Нурсаидова, Жеңишбек Жумакадыр, Мирбек Атабеков, Нурчолпон, Светлана Назаренко жана башкалар.

Иш-чарага конок катары балбандар Акжол Махмудов, Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, ишкерлер Денис Гайворонский, Чолпонбек Акматов, Жумадыл Эгембердиев, альпинист Эдуард Кубатов жана башкалар катышат.

Добавить комментарий