Кыргызстандын Кореядагы элчиси эмгек мигранттары менен жолугуштту

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашкандай, 2020-жылдын 18-июньнунда Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы элчиси Д.Кемелованын Кёнсангнам-до провинциясындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү, деп билдирди Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги.

Алардын айтымында, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын жарандарынын Корея Республикасында болуусу, эмгек миграциясы, коронавируска байланыштуу миграциялык эрежелердеги өзгөрүүлөр, ошондой эле Кыргызстан менен Корея Республикасынын ортосундагы учуулар талкууланды.

Элчи Д.Кемелова кыргыз диаспорасынын мүчөлөрүнө Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигинин иши жөнүндө, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарынын укугун коргоо, ошондой эле EPS тутумунда (Кореяда иштөөгө уруксат берүү системасында) иштеген эмгек мигранттарынын көйгөйлөрүн талкуулаган конференциянын жыйынтыктары жөнүндө айтып берди.

Кыргызстандын элчиси Кыргызстандын жарандарын консулдукта каттоодон өтүүгө жана алдыдагы парламенттик шайлоонун алдында биометрикалык маалыматтарын тапшырууга чакырды, ошондой эле кыргызстандыктарды презентацияларга активдүү катышууга жана Корея Республикасынын эли арасында Кыргыз Республикасынын позитивдүү имиджин жайылтууну өтүндү.

Элчиликтин делегациясы «Додамхобы» кеңсесинде болуп, анын директору Чу Сок Ёнг мырза менен жолугушту, анда Кыргызстандын экспорттук потенциалын биргелешип илгерилетүү жана коронавирус менен күрөшүү үчүн Кыргызстанга гуманитардык жардам тартуу маселелери талкууланды.

Добавить комментарий