Кыргызстандын борборунда балдар үчүн дарылоо борбору курулуп жатат. КР Президенти медицина кызматкерлерине кайрылды


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2022/09/speech-75559-1662096181-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Бишкек шаарында тез жардам көрсөтүүчү балдар үчүн ден соолукту чыңдоочу медициналык мекеменин жаңы пайдубалын түптөө аземине катышты.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө ден соолукка кам көрүү, алдын алуу, сергек жашоо образына көнүү азыркы дүйнөдөгү эң маанилүү көйгөйлөрдүн бири экендигин, ошондуктан өлкөнүн мамлекеттик саясаты жарандардын саламаттыгын сактоо жана чыңдоо үчүн бардык шарттарды түзүүгө багытталгандыгын белгиледи.

Мамлекет башчысы 2025-жылга чейин Сауд өнүктүрүү фонду (Сауд Аравия Королдугу) бөлгөн каражатка балдар үчүн заманбап жогорку технологиялык медициналык жабдуулары жана ыңгайлуу шарттары бар жаңы оорукана курулаарына ишеним билдирди.

Төрт кабаттуу хирургиялык имараттын курулушу Сауд өнүктүрүү фондунун жеңилдетилген насыясынын эсебинен каржыланат.

Жаңы имаратта 212 керебет жана сегиз операциялык бөлүм болот: шашылыш хирургия, нейрохирургия, неонаталдык хирургия, хирургиялык инфекция, көкүрөк хирургиясы ж.б.

Ошондой эле имаратта радиология, проктология, реанимация, токсикология, жаңы төрөлгөн ымыркайлардын реанимациясы, урология, травматология, морфологиялык кабинет, лабораториялык блок ж.б. бөлүмдөрүн жайгаштыруу пландалууда.

Бул жерде мамлекет башчы медициналык мекеменин жамааты менен баарлашып, орун алган көйгөйлөрдү сурады.

Дарыгерлер эмгек акынын жогорулашына ыраазычылыгын билдиришип, саламаттыкты сактоо тармагындагы актуалдуу маселелерге токтолушту.

Добавить комментарий