Кыргызстандыктар Улуу Британияга сезондук жумушка барышат

Быйыл 700 кыргызстандык Улуу Британияга биринчи жолу сезондук жумушка барары белгилүү болду.

Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун директору Кубандык Акматбеков билдирди.

Анын айтымында, Улуу Британияда иштөө үчүн 7 миңдей адам кайрылса, анын 700 жактырылган.

«Жакынкы үч айдын ичинде бул адамдар Англияга учуп кетишет. Ал жерде алты ай калып, айыл чарба жумуштарын аткарышат», — деп түшүндүрдү Акматбеков.

Эксперттер муну Украинанын аймагында түзүлгөн кырдаал менен байланыштырууда.

Аскердик абалга байланыштуу 16 жаштан баштап жаштарга жана 60 жашка чейинки эркектерге өлкөдөн чыгууга тыюу салынган. Бул Улуу Британияда арзан жумушчу күчүнүн жетишсиздигин шарттады.

Добавить комментарий