РФнын жаңы миграциялык эрежелери «Сахарово» көп функционалдуу миграциялык борбордо (КМБ) баш аламан жаратты.
Кыргызстандын жана ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнүн жарандары үчүн «Сахарово» көп функционалдуу миграциялык борборунда (КМБ) «2А» өзүнчө кирүү уюштурулганын Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.
«Бул чара Кыргызстандын жарандарына зыяратчылардын чоң кезегин айланып өтүү менен КМБга барууга мүмкүндүк берет. Элчилик россиялык тарапка түшүнүү менен мамиле кылып, маселени тез арада чечкени үчүн ыраазычылык билдирет», — деп айтылат билдирүүдө.
2021-жылдын 29-декабрында Россияда чет элдиктердин, анын ичинде КР жарандарынын медициналык текшерүүдөн, манжа изин каттоодон жана сүрөткө тартууну караган жаңы миграциялык эрежелер киргизилген.
Буга чейин Кыргызстандын РФдагы элчилиги кезек күтүүлөрдөн улам бул процедуралардан өтүүдө кыйынчылыктар жаралып жатканын билдирген. Кыргыз тарап орус тарапка бир нече жолу кайрылып, маселени чечүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган.