Кыргызстандык жүк ташуучуларда коронавирус аныкталды

Казакстан Республикасына келген бардык жарандар, анын ичинде жүк ташуучу унаалардын айдоочулары карантиндик ооруканага жөнөтүлөт.

Казакстанга кирген төрт кыргызстандыкта коронавирус инфекциясы табылды, деп билдирет Жамбыл облусунун Саламаттыкты сактоо департаменти.

Ведомствонун маалыматы боюнча, кыргыздар жүк ташуу менен алектенишет. Алар менен бирге COVID-19 жуккан алты казакстандык, ошондой эле жүк ташуучу унаалардын айдоочулары жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылган.

«Чек ара өткөрүү пункттарында күчөтүлгөн иш-чараларга байланыштуу, Казакстанга келген бардык жарандар, анын ичинде жүк ташуучу унаалардын айдоочулары карантинге алынды», – деп айтылат билдирүүдө.

Департамент белгилегендей, Кыргыз Республикасынын төрт жараны товарларды Кыргызстандан Казакстанга ташып келишкен.

Добавить комментарий