Кыргызстандык Ms. World of Korea сулуулук сынагында жеңишке жетти

Түштүк Кореяда Ms. World of Korea сулуулар сынагы өтүп, Кыргызстандын жараны Рахат Шарипова жеңишке жетти.

Бул тууралуу түштүк кореялык StraightNews сайты билдирди.

Сулуулук сынагы Сеулда өттү. Сынак алгач Paragon Queens International деп аталган, бирок быйыл уюштуруучулар анын атын Ms. World of Korea деп өзгөртүүнү чечишкен.

Шарипова ал жакка июнь айынын аягында Түштүк Кореяда өткөн Missis Universe — 2022 сулуулар сынагынын жыйынтыгы боюнча чакырылган. Андан кийин ал мыкты 25 конкурсанттын катарына кирди. 120 өлкөдөн келген аялдар катышты.

«Мен эл аралык сынактын таажысын жеңем деп ойлогон эмесмин, бирок бул сыйлыкты алганыма абдан кубанычтамын», – деди кыргызстандык сыйлык тапшыруу аземинен кийин журналисттерге.

Улуттук сулуулар сынагынын уюштуруучусу Рыскүл Намазбекованын айтымында, жеңүүчү 46 жашта.

«Бир нече жыл мурун ал улуттук сулуулар сынактарына катышкан. Бүгүнкү күндө ал ишкердик ишин ийгиликтүү жүргүзүп жатат», – деди ал.

Добавить комментарий