Кыргызстандык мектеп окуучулары физика боюнча эл аралык олимпиадада үч медаль жеңип алышты

Өзбекстанда физика боюнча эл аралык олимпиада өтүп, анын жыйынтыгында кыргызстандык мектеп окуучулары үч медалга ээ болушту.

Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, Ахмад аль-Фергани атындагы физика боюнча эл аралык олимпиада (IAFPhO 2021) 8-13-ноябрь күндөрү Фергана шаарында (Өзбекстан) оффлайн жана онлайн режиминде өттү.

«Олимпиадага 19 мамлекет катышты. Кыргызстан оффлайн форматында катышты. Сынактын жыйынтыгында 11-класстын окуучулары Денис Сапарбек уулу (Кадамжай), Нияз Жусупбеков (Жалал-Абад облусу) жана Бекали Гартман (Чүй облусу) коло медалга ээ болушту», – деп айтылат маалыматта.

Жалпысынан Кыргызстандын курама командасында сегиз окуучу болгон.

Добавить комментарий