Кыргызстандык медайымдар Германияда жогорку маяналуу жумушка орношо алышат

Германия азыр медициналык кызматкерлердин чоң жетишсиздигин сезип жатат, буга байланыштуу немис компаниялары Кыргызстандан медайымдарды жумушка алууну караштырууда.

Германияда немис компаниялары Кыргызстандан келген медайымдарга жогорку маяналуу жумуштарды сунушташат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Кыргызстандын жарандарын Германияда ишке орноштуруу темасында министрликтин жетекчилиги менен Германиянын EDUVISO жана Arbeiter-Samariter-Bund компаниясынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болгонун министрлик билдирди.

«Учурда Германияда медицина тармагында иштегендерге суроо-талап чоң. Немис компаниялары Кыргызстандан медайымдарды жумушка алууга даяр, ал эми айлык акы жана социалдык кепилдиктер Германиянын жарандарына тете болот», — деп айтылат маалыматта.

Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн EDUVISO Кыргызстандын жогорку окуу жайлары менен түзүлгөн келишимдин негизинде медайымдык кесипке студенттерди окутуп, окууну аяктагандан кийин Германияга ишке орношууда.

Эмгек министрлигинин өкүлдөрү германиялык тарапка даяр экендиктерин жана колдоосун билдирип, кыргызстандыктарды чет өлкөгө жөнөтүүнү баштоо процессин тездетүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунушташты.

Добавить комментарий