Кыргызстандык айым үйүн үйсүз калган адамдарга берди

Германияда жашаган кыргызстандык айым үйүн Маевка айылындагы гаражда жашаган үй-бүлөгө убактылуу пайдаланууга берди. Бул тууралуу социалдык тармактарда иш-чаралардын уюштуруучусу жана азыркы учурда ыктыяр болуп алектенген Эрнест Бөрүбаев билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын 29 апрелинде Бөрүбаев Фейсбукта видео жарыялаган, анда өзгөчө кырдаалдын кесепетинен гаражда жашаган жана тамак-ашка муктаж сегиз адамдан турган үй-бүлө жөнүндө сөз болгон.

Бир жумадан кийин,көптөгөн жарандар жардамга келип, үй-бүлөгө азык-түлүк гана эмес, балага төшөк да алып келишкенин айтты.

«Тамара аттуу бир кыргызстандык айым мага кайрылды, азыр ал Германияда. Анын айтымында, анын үйү бар, ал мекенине качан кайтып келери белгисиз. Ал үй-бүлөсү Кыргызстанга келгенге чейин ал жакта бекер жашоону сунуш кылды», – деди ал.

Бөрүбаев башка ыктыярчылар менен бирге үй-бүлөнүн көчүп кетишине жардам берди.

Жардамга рахмат айтып, үй-бүлө көз жашын токтото алган жок.

Добавить комментарий