Кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова аялдар арасындагы мыкты балбан болду

Бардык мезгилдердин мыкты айым балбаны наамы үчүн онлайн добуш берүүдө кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова жеңишке жетти, ага 170 989 адам добуш берди.

Турнир – Women’s Wrestling Legends vs. Stars Fantasy Wrestling Tournament – stories Инстаграмдагы расмий Бириккен күрөш дүйнөсүндөгү баракчасында орун алды. Ага учурда дүйнөдөгү аялдар күрөшүнүн эң мыкты 16 өкүлү катышты, алар турнирдик сетка боюнча бөлүштүрүлдү. «Алышуу» Инстаграмдагы storiesте орун алып, жеңүүчү социалдык тармактын колдонуучуларынын добуштарынын саны менен аныкталды.

Тыныбекова турнирдин 1/8 финалында Рио-2016 Олимпиада чемпиону (63 кг чейин) япониялык Рисако Кавай менен «жолугуп», жеңишке жетти. Чейрек финалда кыргызстандык 2012-жылдагы Лондон олимпиадасынын чемпиону (76 кг чейин) россиялык Наталья Воробьеваны жеңип алды.

Жарым финалда АКШнын беш жолку чемпиону Аделайн Грей, финалда индиялык Винеш Пхогат жеңилип калды.

Добавить комментарий