Кыргызстандык 5 күндүн ичинде Ысык-Көлдү жүгүрүп өттү

Дени сак жашоо образын жайылтуу жана Каракол зоопаркын колдоо максатында, Кыргызстандык Даниэл Токтосунов Ысык-Көлдү айланта 5 күндө 444 чакырым аралыкты чуркап өттү.

«Ар кайсы жерлерде күнүнө эки-үч саат уктоого туура келди. Дайыма мени колдоп турган бир адам бар болчу – массажист, айдоочу жана дарыгер, ошондой эле фотограф. Ушул күндөрү күн ачык болуп, алгач күндөн коргонуучу крем сүйкөдүм, бирок андан кийин токтоттум, анткени дайыма тердеп тургам. Мен жакшы тамактануум керек болчу, бирок организм майлуу тамактарды кабыл алган жок. Төртүнчү күнү, Балыкчыга жеткенде, мен эсимди жоготуп баштадым, мага дары тамчылатышты – денемдеги кант түшүп кеттиптир. Бутумдун чыпалактарында чорлор пайда болду, анткени мен ар дайым тегиз жолду бойлой чуркаган эмесмин», – деди Даниэл Токтосунов.

Эске салсак, Кыргызстандык жарышты 12-сентябрда баштаган. Максаты – сергек жашоо образын жайылтуу жана Каракол шаарындагы зоопаркты колдоо.

Добавить комментарий