Кыргызстандан РФга иштегени кеткен кыргызстандыктар үчүн 2 миграциялык борбор иштейт

Эмгек министри Нурдөөлөт Базарбаев Бишкек жана Ош шаарларында Россияга иштегени кеткен эмгек мигранттарына жардам берүү борборлору ачылаарын билдирди.

Жакынкы арада Бишкек жана Ош шаарларында миграциялык борборлор ачылып, анда кыргызстандыктар бардык керектүү документтерди, тактап айтканда, Россияда иштөө үчүн манжа изин, медициналык текшерүүдөн өтүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

«Кечээ күнү биз миграция темасында эл аралык форум өткөрдүк, анда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкүлдөрү мигранттардын көйгөйлөрүн биргелешип чечүүгө даяр экендиктерин билдиришти», — деди КР Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев. 

Добавить комментарий