Кыргызстандан Японияга: Кыргызстанда чогултулган 400 тонна бал келишим боюнча жөнөтүүгө даярдалууда


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2022/08/speech-74141-1660208710-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

2022-жылдын 10-августунда япониялык жана кыргыз тараптын ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык, Японияга 400 тонна бал жөнөтүлөт. Келишимге Кыргызстандын элчилигинин колдоосу менен кол коюлган.

“Sojitz” соода компаниясынын катышуусу менен “Japan style” жана “Yamada Bee Company Group” ортосунда келишим түзүлдү.

Компаниялардын келишимдерине ылайык, аталган көлөмдөгү бал Японияга бир нече этап менен жеткирилет. Жакында 20 тонналык биринчи контейнер экспорттолот.

Маалымдама: 2021-жылы Кыргызстандагы аары колонияларынын болжолдуу саны 149 миң 127. Ата мекендик продукцияны жана товарларды чет өлкөлөргө жайылтуунун алкагында 2021-жылы Японияга 43,4 тонна кыргыз Балына 25 390 млн сомго экспорттолгон (2018-жылы 8,3 тонна, 2019-жылы 13,4 тонна, 2020-жылы 15,7 тонна).

Добавить комментарий