Кыргызстандагы мектептерде дээрлик 1000 мугалим жетишпейт

Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, КР мектептеринде 929 мугалим жетишсиз. Учурда маселени штаттык окутуучулар жана ЖОЖду жаңы бүтүргөндөр чечүүдө.

Мугалимдер жетишпейт

  • Чүй облусунда – 305 адам;
  • Бишкек шаарында – 191;
  • Баткен облусунда – 142;
  • Ош облусунда – 112;
  • Ысык-Көл облусунда – 78;
  • Жалал-Абад облусунда – 60;
  • Талас облусунда – 20;
  • Нарын облусунда – 12,
  • Ош шаарында – 9.

Көрсө:

  • Бишкек шаарында математика мугалимдерине эң көп суроо-талап 24 мугалим;
  • баарынан да Баткен облусунда музыка мугалими жетишсиз — 37;
  • Жалал-Абад облусу боюнча – 16 орус тили мугалими;
  • Нарын облусу боюнча – 6 физика мугалими;
  • Ош облусу боюнча – 19 музыка мугалими;
  • Чүй облусу боюнча – 42 орус тили мугалими;
  • Ысык-Көл облусу боюнча — 14 орус тили мугалими.

Жалпысынан республиканын мектептерине керек:

  • 123 орус тили мугалими;
  • 99 математика мугалими;
  • 94 англис тили мугалими;
  • 91 музыка мугалими;
  • 84 физика мугалими;
  • 71 дене тарбия мугалими;
  • 62 башталгыч класстын мугалими;
  • 49 химия мугалими;
  • 48 информатика мугалими;
  • 39 география мугалими;
  • 33 эмгек мугалими;
  • 30 биология мугалими;
  • 30 тарых мугалими;
  • 23 кыргыз тили мугалими;
  • 20 сүрөт мугалими;
  • 11 башталгыч аскердик даярдык боюнча мугалим.

Кошумчалай кетсек, Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча бүгүнкү күндө республика боюнча 82 миңден ашык мектеп мугалими бар.

Кээ бир мектептерде мугалимдердин жетишсиздигин кадрдык мугалимдер жана республиканын жогорку окуу жайларын жаңы бүтүргөндөр чечүүдө. Мисалы, 2021-2022-окуу жылынын башталышында өлкө боюнча мектептерде 2000 ашык мугалим жетишпей калган. Бул боштуктун көбүн 2021-жылы педагогика тармагында окуусун аяктаган жаш мугалимдер толтурду.

Быйыл Кыргызстанда бюджеттик жана контракттык негизде билим алып жаткан ЖОЖдордун 4400 ашуун бүтүрүүчүсү мугалим болоору күтүлүүдө.

Добавить комментарий