Парламентте атайын түзүлгөн комиссия тополоңду даярдоого депутат Адахан Мадумаровдун катыштыгы бар экенин карашы керек. Депутаттын айтымында, Кыргызстанда чечимдер мыйзам чегинде эмес, өз алдынча кабыл алынат, деп жазат Kaktus.media.
«Чечимдердин кандай кабыл алынарын өзүңүз жакшы түшүнөсүз», – деди Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров аны мандатынан ажыратуу боюнча депутаттык комиссиянын отурумуна комментарий берип жатып.
Мадумаровдун айтымында, ал депутаттык макамынан ажыратылышы мүмкүн экенине даяр.
Ал эми сотто күнөөсүз экенин далилдей аласыңбы деген суроого Мадумаров бул үчүн жинди болушу керек деп жооп берди.
«Биздин мамлекетте бир нерсени мыйзам чегинде соттук териштирүүдө чечсе болот деп эсептеген Кыргызстандагы эң акыркы жинди мен болом. Ошондуктан реалист болуу керек. Мен баарын күтө алам, анткени саясатчы саясий ишмердүүлүккө барганда баарына даяр болушу керек. Айрыкча Кыргызстан сыяктуу мамлекетте ушундай бийлик. Чечимдердин кандай кабыл алынарын менден жакшы билесиздер», – деди ал.
Эске салсак, Жогорку Кеңешке Курманкул Зулушевден Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү сунушу түшкөн. Депутатка карата кылмыш иши массалык баш аламандыкка даярдануу жана бийликти күч менен басып алууга шектелип козголгон.
Парламент сунушту карап, анын чечимин депутаттардын талкуусуна коё турган комиссия түздү.