Кыргызстанда “Кыргыз телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө” мыйзам долбоорун чакыртып алуу талаптарын белгилеген документтин алкагында кол топтоо башталды.
“Медиаполиси институту” мыйзам долбоорунда телеканалдын статусун коомдук статустан улуттук мамлекетикке өзгөртүү каралганын билдирди.
Уюм бул эреже “учурдагы мыйзамда калыптанып калган демократиялык принциптерди” жокко чыгарат деп эсептейт.
“Мыйзам долбоорунда телеканалдын Байкоочу кеңешин алып салуу сунушталууда. Учурдагы мыйзамда Байкоочу кеңеш корпорацияны башкаруу органы болуп саналат. Мыйзам долбооруна ылайык, президент ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча башкы директорду дайындайт. Учурдагы мыйзамда бул кызматты Байкоочу кеңеш шайлайт. Телеканал министрликтин түзүмдүк бөлүмү болбосо, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги талапкерди көрсөтүүнү кантип президентке жөнөтө турганы белгисиз. Бул дайындоо механизми телеканалдын министрликке жана башка мамлекеттик органдарга көз карандылыгын аныктайт”, — деп эсептейт Кыргызстандын медиа коомчулугу.
КТРК боюнча учурдагы мыйзамга саясий көзкарандылыктан коргоо, коомдук телерадиокомпаниянын көз карандысыздыгын кепилдөө үчүн тийиштүү каржылоону камсыздоо үчүн өзгөртүүлөр киргизилиши керектиги белгиленет.
Мыйзам долбоорун чакыртып алуу талабы менен Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жана министрлер кабинетине кайрылууга “Журналисттер” коомдук бирикмеси, Журналисттик иликтөөлөр фонду, Internewsтун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, айрым ЖМКлар жана журналисттер кол коюшту.
Буга чейин мыйзамдарды инвентаризациялоонун алкагында Кыргызстандагы массалык маалымат каражаттарынын, анын ичинде КТРКнын ишмердүүлүгүнө тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү чечими кабыл алынганы маалымдалган.