Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөш жүрүп жатат: “Дордой” жана “Кара-Суу” базарлары “өзгөчө салык режимин” төлөйт


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2022/11/speech-81328-1669792131-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

 

Кыргызстандын “Дордой” жана “Кара-Суу” базарлары соода лицензиясы үчүн 1 миллион сомго чейин салык төлөйт.

Кыргызстандагы эки ири базар атайын салык режиминде салык төлөйт. Бул тууралуу экономика министринин орун басары Искендер Асылкулов Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, «Дордой» жана «Кара-Суу» базарлары өзгөчө режимдеги соода аймагына киргизилген.

«Алар үчүн атайын салык режими болот. Алар үчүн соода лицензиясы киргизилген, ал патент сыяктуу кымбатка турбайт. Базар көлөмүнө жараша 1 миллион сомго чейин салык төлөйт. Бул жылдык салык болот», – деди ал.

Өзгөчө режимдеги соода аймагына 27 кичи базар кирет, аларда 22 238 соода жайы түзүлгөн.

Добавить комментарий