Кыргызстанда COVID-19 боюнча жалпы канча анализдери жасалган

 

5-февралдан баштап, Кыргызстанда COVID-19 бар экендиги үчүн 50 миң 775 сыноо өткөрүлдү. Акыркы суткада гана 1795 изилдөө өткөрүлдү. Бул тууралуу Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб кабарлады.

29-апрелге карата өлкөдө жалпысынан 729 коронавирус инфекциясы аныкталды. Ошол эле учурда айыгып кеткендердин саны 437ге жеткен.

Акыркы сутка ичинде коронавирустук инфекциянын 21 жаңы фактысы аныкталды: Бишкек шаарында 13, Нарын облусунда 6, Ош облусунда 1 жана Баткен облусунда 1.

Аймактар ​​боюнча статистика төмөнкүчө:

  • Бишкек шаары – 180;
  • Ош шаары – 110;
  • Ош облусу – 161;
  • Баткен облусу – 9;
  • Жалал-Абад облусу – 113;
  • Чүй облусу – 52;
  • Ысык-Көл облусу – 10;
  • Нарын облусу – 94;
  • Талас облусу – 0.

Вирустун жайылышы учурунда жалпысынан COVID-19 тастыкталган 8 адам көз жумган.

Добавить комментарий