Кыргызстандын министрлер кабинети улуттук идеологияны чыңдоо жана калктуу конуштардын белгилүү аталыштарын калыбына келтирүү ниетин жүйө келтирип, өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы бир нече айылдардын атын өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Документ Жогорку Кеңештин расмий сайтында талкууга коюлду.
Кыргызстандын министрлер кабинети Кыргызстандын ар кайсы аймактарындагы бир нече айылдардын атын өзгөртүүнү сунуштады. Тактап айтканда:
— Жалал-Абад облусуна караштуу Жаңы-Жол айыл аймагынын Таштак айылын Макалдыга;
— Нарын облусундагы Жергетал айыл аймагын Дайракуновго;
— Талас облусундагы Аманбай айыл аймагынын Куру-Маймак айылын Сатыкейше; Май айыл аймагыныг Новодонецк айылын Айтматовго; Семетей айылын Покровкага; Бердике-Баатыр айыл аймагынын Козуча айылын Жанкороз-Олуяга;
— Чүй облусундагы Чым-Коргон айыл аймагындагы Новомихайловка айылыг Бообек айылына;
— Ысык-Көл облусундагы Теплоключенка айылын, Ак-Сууга; Липенский айыл аймагынын Ичке-Булуң айылын Коңуратга.
Министрлер кабинети сунушталып жаткан өзгөртүүлөр улуттук идеологияны бекемдөөгө, ошондой эле калктуу конуштардын тарыхый жана заманбап аталыштарына кайтууга багытталганын белгилейт.