Кыргызстанда активисттердин жана саясатчылардын жакындары бийликке талаптар менен тынчтык митингине чыгышты

Бүгүн, 17-мартта Максим Горький скверинде массалык баш аламандык уюштурган деген айып менен камакта жаткан активисттер менен саясатчылардын жакындары тынчтык митингине чыгышты.

“Акыйкат жана эркиндик үчүн” акциясына эки жүзгө жакын адам чыкты.

Ошондой эле кармалган активисттердин туугандары резолюция кабыл алып, анда Кыргызстандын бийликтерине: республикадагы акыйкаттыкты жана эркиндикти камсыз кылуу, сот реформасын жүргүзүү жана сотторду өкмөттөн толугу менен ажыратуу, көз карандысыз ЖМКларга кысым көрсөтүүнү токтотуу, болот Темировдун жарандыгын калыбына келтирүү, Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо үчүн кармалган активисттерди жана саясатчыларды бошотуу, чакан жана орто бизнеске кысым көрсөтүүнү токтотуу жана коррупция менен реалдуу күрөштү баштоо талаптары менен кайрылышкан.

Эгерде бул талаптар аткарылбаса, кол койгон тараптар тынч нааразылык акцияларын улантууга аргасыз болушат.

Добавить комментарий