Кыргызстан: жаңы марка жүгүртүүгө чыкты

«Кыргыз элинин улуттук оюну – Ордо» почта маркасы жүгүртүүгө чыгарылды

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин (МТБМК) алдындагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы жаңы чыгарылган «Кыргыз элинин улуттук оюну – Ордо» почта маркасы жүгүртүүгө киргизилгендиги жөнүндө билдирет.

«2020-жылдын 9-октябрында, бекитилген тематикалык планга жана Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин буйругуна ылайык, «Кыргыз элинин улуттук оюну – Ордо», 1м темасында почта маркасы жүгүртүүгө чыгарылууда», – деп айтылат билдирүүдө.

Марка кичирейтилген форматтагы барактарда басылып чыккан, мында бир баракта 6 (2×3) марка бар. Барактын көлөмү 100×100 мм, марканын көлөмү 40×28 мм. Офсеттик басуу, УФИ коргоочу элементтери менен толук түстүү. Капталган кагаз,чаптагычы бар.

Марканын тиражы 6000 нускада.

Марка Минск шаарындагы «Беларуссиянын Басма үйү» Басмаканасы» Мамлекеттик ишканасынын басмаканасында басылып чыккан.

Добавить комментарий