Кыргызстан танк биатлону боюнча мелдештерге даярданууда

Коргоо министрлиги Кыргызстандын танк биатлону боюнча мелдештерге катышуусу тууралуу айтып берди. Тактап айтканда, квалификациялык турга 12 танк экипажы катыша турганы кабарланган.

Балыкчы шаарындагы КР Куралдуу Күчтөрүнүн 20636-аскер бөлүгүндө «Эдельвейс» окуу борборунда өтө турган «Танк биатлону-2022» эл аралык мелдешине бириктирилген танк экипаждарын даярдоонун экинчи этабы бүгүн башталды.

Окуунун экинчи этабы аяктагандан кийин, 28-марттан 30-мартка чейин КР Коргоо министринин кубогу үчүн мыкты танк экипажы үчүн Аскер Оюндары-2022 мелдеши өткөрүлөт, анын жыйынтыгында Танк биатлону боюнча КР Куралдуу Күчтөрүнүн курама командасы түзүлөт, анын курамына 4 мыкты экипаж кирет.

Эске салсак, КР КК курама командасы 2014-жылдан бери аскердик кызматташтыкты өнүктүрүү жана РФ КК «Алабино» полигонунда өтүүчү аскердик потенциалды чыңдоо максатында эл аралык «танкалык биатлон» сынагына жыл сайын катышып келет.

2021-жылы “Танк биатлону-2021” эл аралык мелдешинде КР Куралдуу күчтөрүнүн курама командасы экинчи дивизиондо 1-орунду ээлеп, 2022-жылы 1-дивизияга катышуу укугуна ээ болгон.

Добавить комментарий