Кыргызстан Россияга лифттерди экспорттой баштады: «УК Технопарк Торгмаш» АК менен келишим түзүлдү

Кыргызстанда өндүрүлгөн лифттерди Россияга экспорттоо боюнча Кыргызстандын Sky Elevators заводу менен россиялык «УК Технопарк Торгмаш» АК компаниясы келишимге кол коюшту.

Sky Elevators ишканасынын жетекчиси Рахат Жунушбаева завод лифттерди экспорттоону кеңейтүү боюнча жигердүү иш жүргүзүп жатканын баса белгиледи. Ал белгилегендей, Россияга жеткирүү кыргызстандык компаниянын продукциясын дүйнөлүк рынокко жылдыруудагы олуттуу кадам болуп саналат.

«Биз өлкөбүздүн жаратылышы укмуштуудай кооз жер катары гана эмес, өнөр жайы өнүккөн өлкө катары да таанылышын каалайбыз. Жалпысынан, биз сапат, инновация жана баа боюнча ата мекендик лифттердин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуунун үстүндө иштеп жатабыз. Келечекте экспорттун көлөмү көбөйөт деп ишенебиз», – деп баса белгиледи Рахат Жунушбаева.

Келишим Кыргызстандын өнөр жайы үчүн жаңы перспективаларды ачат жана дүйнөлүк лифт жабдуулары рыногунда Sky Elevators продукциясына кызыгуунун өсүп жатканын ырастайт. Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы экономикалык байланышты чыңдоого россиялык «УК Технопарк Торгмаш» АК компаниясы менен болгон стратегиялык өнөктөштүк да жардам берет.

Добавить комментарий