Кыргызстан оффлайн режиминде билим берүүгө өтөт

Кыргыз мектептеринин жарымынан көбү, экинчи чейректен баштап, салттуу режимде иштей башташты. Өлкөдөгү 2292 мектептин 1 489 оффлайн режиминде иштеди.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинде белгиленгендей, Республикалык штабдын чечиминин негизинде Билим берүү жана илим министрлиги Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте жалпы билим берүүчү уюмдардын ишинде коронавирус инфекциясынын (COVID-19) жайылышынын алдын алуу боюнча санитардык-гигиеналык, эпидемияга каршы иш-чараларды жүргүзүү алгоритмин иштеп чыгып, бекитти.

«Ошол эле учурда, билим берүү уюмдарынын жайгашкан жерлеринде эпидемиологиялык абал начарлап кеткен учурда, аймактык билим берүү органдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана саламаттык сактоонун аймактык органдары менен биргеликте, аралыктан окутууга (онлайн режиминде) өтүүгө чейин коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча чараларды көрүшү керек», – деп бнлгилешти министерстводо.

Кыргызстандагы Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин илимий-билим берүүчү мектеп комплексинин президенти Нурия Турдакунованын айтымында, баланын күндүзгү мектепте иштеши окуу процессин уюштуруп, аны окуу материалын өздөштүрүү үчүн эффективдүү кылат.

«Ломоносов мектеби күндүзгү билим берүүдө окуу процессин карантин мезгилинде бардык санитардык стандарттарга, сактык чараларына жана жүрүм-турум эрежелерине шайкеш келүү кепилдиги менен жүзөгө ашырууга расмий уруксат алган. Класстын көлөмү 12-14 окуучуну түзсө, мектеп парталарынын саны 24-28. Ар бир класстын аянты эмеректерди санитардык нормаларга ылайыкташтырууга жана бүтүндөй окуу процессинин жүрүшүндө балдардын бири-биринен алыс аралыкта болушуна шарт түзөт», – деди ал.

Өткөн суткада Кыргызстанда коронавирустук COVID-19 жугуштуу оорусунун 479 учуру жана ооруканадан сырткары пневмония табылып, 4 адам каза болду.

Добавить комментарий