Кыргызстан менен Өзбекстан эки өлкөнүн ортосундагы транспорттук байланыштарды өнүктүрүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн караштырууда


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2022/07/speech-73079-1658809085-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

22-июлда Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев менен транспорт министри Илхом Махкамов жолугушту.

ТИМ басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы транспорттук-логистикалык кызматташтыкты кеңейтүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.

Тараптар Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү жана бул жааттагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча биргелешкен аракеттерди активдештирүү зарылдыгы тууралуу пикир алышты.

Мындан тышкары, элчи менен министр Үч-Коргон—Дароот-Коргон автожолун куруу, үчүнчү өлкөлөргө эл аралык жүк ташуу үчүн уруксат бланктарын кошумча алмашуу, эл аралык каттамдарды жандандыруу жана ачуу, мисалы Каракол—Ташкент—Каракол эл аралык автобус каттамы, Ташкент—Балыкчы багыты боюнча жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддердин каттамдарын калыбына келтирүү, жайкы туристтик сезондо Ташкент—Тамчы чартердик каттамдар, Ош—Анжиян жана Кызыл-Кыя—Фергана маршруту боюнча үзгүлтүксүз автобус каттамдарын жандандыруу.

Ошондой эле, элчи М.Жаманбаев Ош—Ташкент—Ош багыты боюнча аба каттамдарын ачуу жана Самарканд—Тамчы—Самарканд багыттары боюнча жаңы каттамдарды уюштуруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Добавить комментарий