Бишкек менен Сауд Аравиянын борбору Эр-Рияд бир тууган шаар болууга даяр экенин Кыргызстандын ТИМинин басма сөз кызматы билдирди. Бул тууралуу 24-майда Эр-Рияд шаарынын мэри Фейсал бин Абдулазиз бин Айяфтын Кыргызстандын Сауд Арабиядагы элчиси Улукбек Марипов менен жолугушуусунун жыйынтыгында белгилүү болду.
Боордоштук байланыштарды орнотуу эки шаардын ортосундагы достук мамилелерди чыңдоого жардам берет. Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Сауд Аравиясынын ортосундагы мамилелерге канааттангандыгын билдиришип, кызматташтыктын жогорку деңгээлин жана акыркы эки жылда бир топ өскөн динамикасын белгилешти.
Негизги көңүл соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, туризмди өнүктүрүүгө жана эки борбордун ортосундагы ишкер байланыштарга бурулду. Тараптар ошондой эле өз ара соода жарманкелерин жана өнөр жай көргөзмөлөрүн өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.
Эр-Рияд шаарынын мэри дипломатка Сауд Аравиянын борборун өнүктүрүү боюнча жетишкендиктер жана пландар менен тааныштырып, Бишкек менен шаардык инфраструктураны, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү жана жогорку технологиялуу шаарларды түзүү боюнча тажрыйба алмашууга даярдыгын билдирди.
Соңунда Улукбек Марипов Фейсал бин Абдулазиз бин Айяфты Кыргыз Республикасына келип, эки өлкөнүн ортосундагы өз ара алакаларды тереңдетүүгө чакырды.