Кыргызстан менен Казакстан туристтер үчүн “жашыл коридор” системасын иштеп чыгууда

Кыргыз Республикасы менен Казакстан туристтер үчүн “жашыл” коридорлорду ачуунун үстүндө иштеп жатышат.

Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун эл аралык байланыштар жана инвестициялар боюнча башкаруучу директору Кайрат Итибаев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө бул маселени эки өлкөнүн компетенттүү органдары жана гиддери талкуулап, иштеп чыгууда.

«Мындай коридорлор туристтерге ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү жана чек арадан өтүүдө узун кезекке турууга убакытты текке кетирбөө үчүн зарыл», — деп баса белгиледи Итибаев.

Ал белгилегендей, Өзбекстан менен да ушундай эле сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, акыркы алты жылдан бери Кыргызстан менен Казакстандын бийликтери Казакстандын Алматы облусунан Кыргызстандын Ысык-Көлүнүн жээгине жөө жүрүш маршрутун калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген. Келишим 2022-жылы түзүлгөн. 21-апрелде казакстандык Kaz Alpine Club бейөкмөт уюму менен «КАТО» ААКсы (Кыргыз туроператорлор ассоциациясы) чек арадан өтүүчү каттамдарды өткөрүүдөгү бардык көйгөйлүү маселелерди чечүүгө даяр экендиктерин билдирип, кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту.

Август айынын аягында жаңыланган маршрутту туристтердин эки тобу сынап көрүштү. Биринчиси эки республиканын чиновниктери, ишкерлери, депутаттары жана коомдук ишмерлери болсо, экинчиси тажрыйбалуу спортчулардан турган.

Алар сапарын Казакстандын Көлсай көлдөрүнөн (Алматыдан 295 чакырым алыстыкта) башташкан. Биринчи топ үч күндө 30 чакырым жолду басып өтүп, 3270 метр бийиктикке чыкты. Ал эми экинчиси Озерный жана Сары-Булак ашуулары аркылуу өткөн (Кыргызстан). Жолдо 80 километр узундукта төрт тоо дарыясын кечип өтүштү. Саякатчылар трассалардын абалы жана мүмкүн болуучу табигый коркунучтар тууралуу маалыматты жаңыртышты, ошондой эле чек арадан өтүү тартибин иштеп чыгышты.

Добавить комментарий