Кыргызстан менен Индия салттуу медицина тармагында кызматташуу боюнча жумушчу топ түзүшөт. Учурда меморандумдун долбоору каралууда.
Бул тууралуу Кыргызстандын Индиядагы элчиси Асеин Исаев Гуджарат штатында (Индия) Аюрведада өткөн инвестиция жана инновация боюнча дүйнөлүк саммиттин жүрүшүндө билдирди.
Дипломатиялык конклавтын алкагында Асеин Исаев Кыргызстандагы салттуу медицинанын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу баяндама жасады.
Элчи белгилегендей, Индия-БА саммитинин жыйынтыгын ишке ашыруунун алкагында КР Президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасы менен Индиянын ортосундагы кызматташтыктын бардык тармактарында, анын ичинде саламаттыкты сактоо тармагында өз ара аракеттенүүнү жогорулатууну тапшырды.
Буга байланыштуу элчи салттуу медицинаны өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашууга кызыкдар экенин билдирип, ошондой эле Индиянын Аюрведа министрлигинин өкүлдөрүн КРга иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.