Кыргыз акындарынын ырлары англис поэтикалык жыйнагына киргизилген

Евразиялык чыгармачыл гильдия «Достордун үнү» поэтикалык жыйнагы дүйнөдө англис тилинде чыккан Евразия поэзиясынын жалгыз жыйнагы экендигин билдирди.

Ал мурунку Советтер Союзунун аймагында жана бүткүл дүйнө жүзүндө чоң популярдуулукка ээ болгон англис акыны Вальтер Скотттун 250 жылдыгына арналган.

«Достордун үнү»  бул Евразиялык Чыгармачыл Гильдиянын (Лондон) жана беделдүү британиялык Hertfordshire Press басмаканасынын өнөктөштүгү.

Долбоорго Евразия чөлкөмүнүн 13 ар кайсы өлкөлөрүнөн 39 заманбап акындар катышты, алардын эң атактуусу – кыргыз акыны Сооронбай Жусуев.

Кыргызстандын заманбап поэзиясын эл аралык Open Eurasia сынагынын лауреаттары сунушташты:

Наргиса Карасартова – жазуучу, котормочу, англис тили мугалими;

Бүбүйра Бектенова – КР Улуттук Жазуучулар Союзунун мүчөсү;

Алтынай Темирова – акын, кино жана театр драматургу, котормочу;

Сагын Беркиналиева Брюсселде өткөн сегизинчи Open Eurasia адабий фестивалынын жеңүүчүсү.

“Мындай масштабдуу долбоорго кыргыз авторлорунун катышуусу, албетте, маданий көз караш менен алганда баа жеткис. Авторлор өлкөбүздө чыгармачылыктын жана адабияттын өнүгүшүнө баа жеткис салым кошуп гана тим болбостон, Кыргызстандын алыскы чет өлкөлөрдө таанылышына салым кошушат”. – деп айтылат билдирүүдө.

Добавить комментарий