Куткаруучулар тоолордо  альпинисттерди табышкан жок

Кыргызстандын ӨКМи РФдан келген эки альпинист тоодо каза болгонун кабарлады.

Маалым болгондой, алдын ала маалыматтар боюнча, Москвадан келген альпинист Победа чокусуна чыгуу учурунда 2021-жылдын 8-августунда саат 12:30 чамасында 5500 метр бийиктиктен кулап кеткен.

8-августта «Ак-Сай Тревел» ЖЧК туристтик фирмасы тарабынан тик учак издөө рейси жүргүзүлгөн, бирок эч кандай жыйынтык берген эмес. 9-августта кайра учуу жүргүзүлгөн, бирок сөөк табылган эмес. Бул боюнча издөө токтотулду.

Кошумчалай кетсек, 6-августта жубайлар С.Н. жана Н.Н., Ысык-Көл облусунун Хан-Теңири чокусуна чыгып, 6400 метр бийиктикте түнөп калышкан. 8-августта саат 10.30да Н. аялы радио аркылуу күйөөсү 6900 метр бийиктикте инсульт болгонун билдирген.

Альпинисттердин куткаруу тобу жабыркагандарга бир күндөн кийин гана жете алышты, жубайлар 6900 метр бийиктикте түнөштү. С.Н. өз алдынча кыймылдай алган эмес жана 9-августта куткаруу тобу жабырлануучуну 6900 м бийиктиктен 6400 метрге чейин түшүрүшкөн. Саат 23:00дө алар жабырлануучуну жиптер менен камсыздап, колдо болгон бардык жылуу кийимдерди, тамак-аштарды калтырып, андан ары түшүү үчүн 5900 м бийиктикке түшүп кетишти. 10-августта куткаруучулар тобу жабырлануучуну табышкан эмес. Сөөктү таба албагандыктан издөө иштери токтотулган. Куткаруучулар анын аялын жерге түшүрүшкөн.

Каза болгон альпинисттер «Ак-Сай Тревел» ЖЧК туристтик фирмасында катталган.

Добавить комментарий