Кундуз Жолдубаева ИИМге сурак берип чыкты

Кундуз Жолдубаева сурак бергенден кийин коё берилди, кармалган жок. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Жолдубаева бүгүн ИИМдин башкы тергөө башкармалыгына 7-8-августта Кой-Ташта болгон башаламандык, барымтага алуу жана адам өлтүрүү боюнча тергөөнүн алкагында чакырылган болчу.

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев. Архивдик сүрөт

КР ИИМ өз билдирүүсүндө «Жолдубаева кармалды» деп социалдык тармакка тарап кеткен маалыматтар чындыкка дал келбей турганын белгилеген.
7-августта УКМК мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция өткөрүп, бирок ал ишке ашпай калган. Бирок жай тургундар менен болгон кагылышта атайын кызматтын бир жоокери каза болгон. 8-августта укук коргоо органдары кайтадан атайын операция кылып, анда Атамбаев багынып берген болчу. Эки күндөгү окуялардан жүздөн ашык киши ар кандай жаракаттарды алган.

Добавить комментарий