Кудайберген Базарбаев карылар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн интернаттарындагы капиталдык оңдоо иштеринин жыйынтыгын текшерди


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2023/03/speech-88653-1680064869-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

Карылар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн 6 үй-интернатты капиталдык оңдоодон өткөрүүгө 27 миллион сом жумшалганын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги билдирди.

28-мартта министр Кудайберген Базарбаев менен Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Оливье Бангертер капиталдык оңдоп-түзөө иштери аяктаган Жайылдагы аялдар үчүн психоневрологиялык интернатынын абалы менен таанышты. Мүмкүнчүлүгү чектелген чоңдор жана улгайган жарандарга ылайыкташкан алты мекемеде ашканалар, канализация, душ жана кир жуучу системалар, мончо комплекстери оңдолду.

“Швейцария элчилигинин колдоосу менен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү чоңдор жана улгайган жарандар жашаган Социалдык камсыздоо системасынын 6 үй-интернатында – Жайыл, Кадамжай, Токмок, Сузак, Покровский жана Нижне-Серафимовскийде капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлдү”, – деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Жашоо шарттарынын жакшырышы 900дөн ашуун адамга таасирин тийгизди.

Кудайберген Базарбаев камкордукка алынгандарга кам көрүү мамлекеттин артыкчылыктуу милдеттеринин бири экендигин жана өткөн жылдан бери тамак-ашка карата акчалай ченемдер эки эсеге жогорулагандыгын белгиледи. Алты интернаттагы оңдоо иштеринин жалпы суммасы 27 млн сомдон ашты.

Добавить комментарий