Кубатбек Боронов күзүндө бейтаптар санынын көбөйүүсү күтүлөт деди

Кыргызстандын саламаттык сактоо тутуму күз-кыш мезгилинде коронавирус оорусунун санын көбөйүүшүнө даяр болушу керек, деди премьер-министр Кубатбек Боронов.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын отуруму болуп өттү.

Боронов белгилегендей, азыр медициналык кызматкерлер үчүн кадрлардын резервин түзүү жана аларды тийиштүү даярдоо маанилүү маселелердин бири болуп саналат.

«Бүгүнкү күндө саламаттыкты сактоо тутуму Бишкектеги коронавирус менен ооругандардын санынын кескин өсүшүнөн улам белгилүү бир жүктү сезип жатат. Медицина кызматкерлери күнү-түнү иштешет, чарчашат. Мындан тышкары, акыркы күндөрү медициналык кызматкерлерди жуктуруп алгандардын саны көбөйдү. Бул саламаттыкты сактоо тутумунун ишине таасирин тийгизди”, – деди Өкмөт башчы.

Премьер-министр кыска мөөнөттө медициналык окуу жайлардын кызматкерлеринин жана медициналык мекемелердин интернатураларында жана резиденцияларында студенттердин арасынан медициналык кызматкерлерди даярдоо милдетин койду.

Боронов айрыкча мындай жумуштарды Бишкек жана Ош шаарларында жүргүзүү керек экендигин белгиледи.

Жалпысынан, Кыргызстанда COVID-19 инфекциясынын тастыкталган 4 204 учуру катталган. 2 122 адам айыгып, 43 көз жумган.

Добавить комментарий