КРСУнун ректору кызматынан бошотулду


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2023/06/speech-92654-1685627501-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

КРСУнун (Кыргыз-Орус Славян университети) ректору Владимир Нифадьев ээлеген кызматынан бошотулду. Мындай чечим анын 2007-жылы кыска тыныгуу менен университетти 30 жылдык жетектөөсүнөн кийин кабыл алынган. Нифадьев университет негизделгенден бери жетектеп келет, деп жазат Kaktus.media.

Кошумчалай кетсек, жаңы окуу жылынын башталышы менен жогорку окуу жайлардын жетекчилик кызматтарда пенсия курагындагы кызматкерлери менен келишим узартылбай турганы белгилүү болду. Бул чечим Эл аралык журналистика кафедрасынын башчысы Александр Кацевдин ушул жылдын сентябрынан тартып кызматтан кетишине алып келет.

Белгилей кетсек, университеттин жаңы жетекчиси добуш берүү аркылуу шайланат.

Маалымдама: Владимир Иванович Нифадьев 1947-жылы 5-апрелде Коми АССРинин Мещура айылында туулган. Мектептен кийин Львов политехникалык университетине тапшырып, Алма-Атага которулуп, 1972-жылы Казак политехникалык институтун бүтүргөн. Кандидаттык диссертациясын Днепропетровскдо, докторлук диссертациясын Москвада жактаган. Анын көптөгөн илимий даражалары жана илимий наамдары бар.

Добавить комментарий