КРнын АКШдагы элчиси FLEX программасы боюнча мектеп окуучулары үчүн орундарды көбөйтүүнү сунуштады

Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бактыбек Аманбаев эл аралык билим берүү боюнча Америка кеңештеринин стратегиялык өнүгүү боюнча улук вице-президенти Майкл Кертиске Кыргызстандан  FLEX программасыга катыша ала турган мектеп окуучуларынын санын көбөйтүү мүмкүнчүлүгү боюнча сунушту карап чыгуу өтүнүчү менен кайрылды.

ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуу учурунда америкалык тарап Кыргызстанда эл аралык билим берүү боюнча америкалык кеңештер тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоорлор боюнча кеңири маалымат берди.

Аманбаев айылдык мектеп окуучуларына англис тилин тереңдетүү боюнча FLEX программасына жана долбоорлоруна катышуучу кыргыз окуучуларынын санын көбөйтүүнү сунуштады. Элчи ошондой эле бүгүнкү күндө Кыргызстан үчүн эң маанилүү маселелердин бири – экономикалык өнүгүү экенин, буга байланыштуу өлкө айыл чарба, энергетика, туризм, тоо-кен жана маалымат технологиялары боюнча адистерге өтө муктаж экенин жана аларды колдоо башкы милдет экенин баса белгиледи.

Добавить комментарий