КР Эмгек министрлиги менен Казан федералдык университети меморандумга кол коюшту, ага ылайык Татарстанда иштеген кыргызстандыктар квалификациясын жогорулата алышат.
Меморандумга КР Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев жана Казан федералдык университетинин (КФУ) ректору Илшат Гафуров кол коюшту.
Документке ылайык, эмгек рыногунда талап кылынган адистиктер боюнча эмгек мигранттарынын квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле аларды андан ары ишке орноштуруу жаатында өз ара аракеттенүү уюштурулат.
«Биздин маалымат боюнча Татарстанда 25-30 миңдей кыргызстандык жашайт. Келишим кызматташтыкты кеңейтет. Татарстанда жүргөн КР жарандары РФнын ушул субъектинде талап кылынган кесиптерге ээ боло алышат. Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийин биздин мигранттар орус тили, тарыхы жана орус мыйзамдарынын негиздери боюнча экзамен тапшырбаса да, эгер кааласа алар КФУда билимин жогорулата алышат», – деди Базарбаев.
Гафуров КФУ орус тилин чет тил катары окуткан 14 федералдык университеттин бири экенин ырастады.