КРда жаңы социалдык мекемелер жана фабрика курулат

КР Баткен районунун Халмион жана Кызыл-Кыя конуштарында социалдык объектилердин курулушу башталат.

Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун колдоосу менен Баткен облусунда жеке дарылоо-диагностикалык борбор, окуу комплексинин жаңы имараты жана автоклавдык газобетон чыгаруучу завод курулат. Бул тууралуу бүгүн, 7-октябрда аталган фонддун басма сөз кызматы билдирди.

Кызыл-Кыя шаарында заманбап медициналык диагностикалык борбор курулат. РКӨФнын 460 миң доллар кредитине курулуш-монтаждоо иштери бүткөрүлүп, медициналык жабдуулар сатылып алынат. Андан кийин поликлиника күнүнө 100гө чейин бейтапты кабыл алат. Стационардык бөлүмдө 30 койкалуу 13 палата жабдылат.

Кызыл-Кыя шаарында да «Азамат» жеке билим берүү комплексинин жаңы имаратынын курулушуна капсула салынды. РКӨФ 1380 чарчы метр аянты менен үч кабаттуу объектинин курулушун каржылайт — дээрлик 400 миң долларга жеңилдетилген насыя берет.

Жаңы имаратта 18 окуу бөлмөсү жана спорт зал ачылат. Керектуу жабдуулар жана эмеректер менен жабдылган. Биринчи этапта бул жерде 200дөн ашык бала окуса, келечекте алардын саны көбөйөт.

Ошондой эле, РКӨФ Кыргызстандагы биринчи автоклавдык газобетон чыгаруучу заводдун курулушун каржылайт – анын курулушуна капсула салуу аземи бүгүн Баткен районунун Халмион айылында өттү. Заводдун кубаттуулугу жылына 160 миң куб метрди түзөт.

Жаңы имараттар жана курулуштар экологиялык жактан таза, бышык жана ысыкка чыдамдуу материалдан курулат. Долбоорду ишке ашыруучу компания кирешенин 5% аймактын социалдык өнүгүүсүнө – саламаттыкты сактоо мекемелерин модернизациялоого, балдар үйлөрү менен спорт залдарын курууга, аймакты көрктөндүрүүгө жумшайт.

Добавить комментарий