КРда узакка созулган майрамдык дем алыш болот: 7 жана 8-ноябрда кыргыздар ата-бабаларынын элесин эскеришет

Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүн майрамдоого байланыштуу кыргызстандыктардын эс алуу күндөрү эки күнгө узартылат.

Кыргызстандыктар ноябрь айында төрт күн катары менен эс алышат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги билдирди.

Эске салсак, 2017-жылдын 26-октябрында экс-президент Алмазбек Атамбаев жыл сайын 7-8-ноябрь күндөрү белгиленүүчү Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүн белгилөө тууралуу жарлыкка кол койгон. Бул күндөр кызыл, Министрлер кабинети аларды жокко чыгарган жок.

Быйыл 7 жана 8-ноябрь дүйшөмбү жана шейшемби күндөрүнө туура келгендиктен, беш күндүк иш графиги менен иштеген жарандар 5-8-ноябрга чейин эс алышат.

Кошумчалай кетсек, мектептерде күзгү каникулдар 31-октябрдан 6-ноябрга чейин өткөрүлөт. Каникулга байланыштуу мектеп окуучулары 9-ноябрда мектепке барышат.

Добавить комментарий