КРда көмүрдүн баасы Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан жөнгө салынат, — КР Министрлер Кабинети

КР Министрлер Кабинети көмүрдүн баасын убактылуу жөнгө салуу жөнүндө чечим кабыл алды.

Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Мындай чечим көмүрдүн баасынын өсүү темпин ооздуктоо, 2022/2023-жылдын күз-кыш мезгилинде калкты өз убагында жана туруктуу көмүр менен камсыз кылуу максатында кабыл алынды.

Ушундан улам жана «Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине, Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, максималдуу бааны белгилөө менен Кыргыз Республикасынын аймагында көмүргө болгон бааларды 90 календардык күндүк мөөнөткө убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү чечими кабыл алынган.

Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 22-апрель 2009-жылдагы токтому менен бекитилген социалдык маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу тартибине ылайык мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо боюнча чараларды кабыл алуу тапшырылды. Кабыл алынган чечим расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет, деп айтылат министрлер кабинетинин билдирүүсүндө.

Добавить комментарий