КРда административдик-аймактык реформа жүргүзүлөт, — Садыр Жапаров

Административдик-аймактык реформаны баштоого мезгил жетти. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров биринчи Элдик Курултайдын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, эксперименталдык пилоттук аймак катары Ысык-Көл облусунун Түп району тандалып алынган.

«Биз административдик системаны жакшыртуу жана аймактарды өнүктүрүү боюнча токтом чыгарганбыз. Учурда даярдыктар жүрүп жатат. Пилоттук долбоор катары Түп району тандалды. Бул реформанын алкагында 13 айыл аймагынын базасында ирилештирилген беш айыл аймагын уюштуруу пландалууда. Түп районундагы реформанын жыйынтыгы ар тараптуу иликтенип, эске алынат, андан кийин республика боюнча толук кандуу административдик-аймактык реформа жүргүзүлөт», — деди Садыр Жапаров.

Добавить комментарий