КРда 100 миңден ашык адам пенсиянын ордуна жөлөк пул алат, — Базарбаев

 

КР Эмгек министри Кудайберген Базарбаев белгилегендей, өлкөдө пенсияга укугу жок атайын жөлөкпулдарды гана ала алган жарандардын саны байкаларлык көбөйдү.

100 миңден ашуун кыргызстандык пенсия алууга укугу жок. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин 10 айдын жыйынтыгы боюнча коллегиясында айтылды.

Министр Кудайберген Базарбаев өз сөзүндө белгилегендей, пенсия менен камсыз кылууга укугу жок адамдар тарабынан ай сайын берилүүчү жөлөкпул – «социалдык жөлөкпул» алуучулардын саны 6,3%га өсүп, 100,5 миң адамды түздү.

«Ошол эле учурда бала төрөлгөндө «балага сүйүнчү» бир жолку жөлөк пул алуучулардын саны өткөн жылга салыштырмалуу 5,5%га азайып, 104,1 миң адамды түздү.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 1-январынан тарта жарандардын айрым категорияларына ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдардын өлчөмү 2021-жылдын 1-октябрына чейин чегерилген жөлөкпулдардын суммасына карата 100% жана 200% көбөйтүлдү. Социалдык жөлөкпулдарды төлөөгө 5 872,9 млн. сом которулган», — деди министр.

Добавить комментарий