КР “Улуу көчмөндөрдүн мурасы” улуттук холдингин жоюу жөнүндө чечим кабыл алды

“Улуу көчмөндөрдүн мурасы” Улуттук холдинги республиканын көптөгөн өнүгүп келе жаткан аймактарында бир нече ири улуттук долбоорлорду иштеп чыккан, бирок “Кумтөр” боюнча козголгон кылмыш иштери компаниянын ишин токтоткон.

«Улуу көчмөндөрдүн мурасы» Улуттук холдинг компаниясы» ААК жоюлууда. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев билдирди.

«Холдинг жоюлат. Акча сарпталды, долбоорлор жазылды, албетте, эч ким жоопкерчиликке тартылбайт», — деп жазган парламентарий.

Эске салсак, “Улуу көчмөндөрдүн мурасы” улуттук холдинги өткөн жылдын аягында түзүлгөн. Ал кезде холдингдин жетекчиси болуп Теңгиз Бөлтүрүк дайындалган. Кийинчерээк холдинг тоо-кен өнөр жайы, гидроэнергетика, билим берүү, туризм жана башка тармактарда 30дан ашык ири долбоорлорду ишке ашырууну көздөп жатканы маалымдалган.

Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Бөлтүрүк тышкы башкаруучу болуп турган «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын ишмердүүлүгүн текшерүүнүн жыйынтыгы менен Башкы прокуратура үч кылмыш ишин козгогон. Тергөөнүн маалыматы боюнча, компания мамлекетке 1 миллиард сомго жакын зыян келтирген.

Иштин алкагында Башкы прокуратура Теңгиз Бөлтүрүктү, ошондой эле камсыздоо боюнча адис Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиеваны жана каржы департаментинин директору Рыспек Токтогуловду кармады. Теңгиз Бөлтүрүк өзүнө тагылган айыптарды четке кагууда.

Холдингге бөлүнгөн 3,4 миллиард сом бюджетке кайтарылган.

Добавить комментарий