КР Улуттук статистикалык комитети: Кыргызстанда жумушсуздук 4% кыскарды

Кыргызстандын Улуттук статистикалык комитети өлкөдөгү жумушсуздуктун деңгээли 2012-жылдан бери кандай өзгөргөндүгү тууралуу отчет даярдады.

Кыргызстанда акыркы бир жылда жумушсуздуктун деңгээли 4% кыскарды.

2012-жылдан бери төмөндөө тенденциясы байкалууда, ал кезде республикада эмгекке жарамдуу курактагы жумушсуз жарандардын саны 207,9 миң адамды түзсө, жети жылдын ичинде алардын саны дээрлик 33%га кыскарып, 140 миң адамды түзгөн.

Бирок COVID-19 пандемиясынан улам 2020-жылы бул көрсөткүч 6%га өсүп, 148,2 миң адамды түзгөн. Ишканалардын экономикалык активдүүлүгүнүн калыбына келиши менен жумушсуз жарандардын саны кайрадан кыскара баштады, 2021-жылдын аягына карата 141,6 миң адамды түздү. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча алардын көбү эркектер – 77,4 миң.

Добавить комментарий