КР Президенти жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн кесиптик майрамы менен куттуктады


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2022/11/speech-79810-1667807207-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жазуу жүзүндөгү кайрылуусунда республиканын маалымат мейкиндигинин бардык өкүлдөрүн кесиптик күнү – Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады.

Президенттик аппарат мамлекет башчынын кайрылуусунун текстин таратты.

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!

Дүйнө жүзүндө коомдук пикир жаратып, элди туура нукка буруунун башкы куралы бул – жалпыга маалымдоо каражаттары.

Өлкө турмушундагы саясий, социалдык-экономикалык маанилүү окуяларды ыкчам, так, ынанымдуу жана калыс жеткирүү милдети басма сөз кызматкерлеринин кесипкөйлүгү менен тыгыз байланыштуу.

Бүгүнкү күндө коомчулукка маалымат таркатуунун жаңы ыкмалары, технологиялары артып, кулачын кеңири жайды. Салттуу журналистикага атаандаш болгон социалдык түйүндөр аркылуу коомдук пикирди жаратуу кадимки көрүнүшкө айланды. Мындай шартта маалымат таркатуучу болгон ар бир жаран коомчулукка пайда келтирем деген аруу ой-тилеги менен кошо тараткан ар бир сөзүнө да жооптуу экенин аңдап-билиши абзел.

Биздин максат – тартип жана мыйзам үстөмдүгү орногон укуктук коомго жетишүү, өлкөдө туруктуулукту камсыз кылып, өнүгүүгө бет алуу. Ар бир жаран, ал ким болбосун: мейли журналист, мейли блогер же катардагы жөнөкөй жаран, айтор баарыбыз бул багытта бир максатты көздөшүбүз кажет. 

Урматтуу журналисттер!

Коомчулукта ынтымакты бекемдөөгө өбөлгө болуп, заман талабын тереңден түшүнгөн, жаңы багыт, жаңы идея менен жаңы көз караштагы кабарларды даярдаган алдыңкы журналисттердин катары калыңдап баратканы кубандырат.

Биздин Мекенибиз – бул эгемендүү Кыргызстан! Баарыбыз ага астейдил мамиле, аздек сый-урмат кылып, элибиздин жашоосун жакшыртууну, мамлекетибизди алга сүрөөнү башкы милдет деп кабылдашыбыз керек. Албетте, Ата Мекен алдындагы мындай милдетти сиздер менен чогуу аткарабыз. Эркиндикти туу туткан өлкөбүздө кылдат ой жүгүрткөн, кырдаалга калыс баа берген жана маалыматты терең талдаган калемгерлер көп болсун.

Элибиздин маданиятын, улуттук баалуулуктарын даңазалаган, мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө багытталган жаңылыктар арбый берсин.

Баарыңыздарга бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, чыгармачылык изденүү жана жаратмандык каалайм!”.

2022-жылы Кыргыз басма сөзүнө, кыргыз журналистикасына 98 жыл болду. ЖМК, полиграфия, радио жана телевидение кызматкерлеринин кесиптик майрамы 1-жылдын 1993-ноябрында кыргыз тилиндеги «Эркин-Тоо» улуттук гезитинин 1924-жылдын ноябрында чыгарылышынын урматына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен белгиленген. 1927-жылы гезитке «Кызыл Кыргызстан» деген аталыш берилген, ал эми 1965-жылы «Советтик Кыргызстан» деп атала баштаган. 1991-жылы эгемендүүлүк алгандан кийин Гезит «Кыргыз Туусу» деп аталып калган.

Добавить комментарий