КР Министрлер Кабинети Кыргызстандын эки аэропортун “жашыруун ижарага берүү” тууралуу маалыматты четке какты

Кыргызстандагы аэропорттор түркиялык компанияга ижарага берилбейт жана алар боюнча суроолор бул этапта жабык.

Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди, деп маалымдайт АКИpress.

Жыйында депутат Тазабек Икрамов Бишкек жана Ош шаарларындагы аэропортторду түркиялык Yda компаниясына өткөрүү боюнча министрлер кабинетинин пландарын эске салды.

«Кечээ Мирлан Исаковичтен (Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Бакиров — ред.) сурасам, толук түшүнгөн жокмун, ал түшүнүксүз жооп берди. Мен бул жерден сурайын дегеним, аэропортторду 49 жылга ижарага алуу пландарыңыз барбы же ижарага берип жатасыңарбы?». — деп сурады депутат.

Вице-премьер-министр Бакыт Төрөбаев Бишкек менен Оштогу эки аэропортту ижарага берүү маселеси күн тартибинде жок деп жооп берди. Ал кошумчалагандай, буга чейин IFC менен Экономика министрлигинин ортосунда «Манас» аэропортунда МЖӨ долбоорун ишке ашыруунун жыйынтыгын талдоо боюнча келишимге кол коюлган.

Ал Эл аралык каржы корпорациясы (IFC) менен Экономика министрлиги келишимге кол койгонун тастыктады. Компания “Манас” аэропорту МЖӨ алкагында иштейби же жокпу, мониторинг жүргүзүп, анализ жүргүзүшү керек.

«Аэропортту мамлекеттик-жеке башкарууга берсек, компания кардарлары болобу, жокпу анализдеп чыгышы керек. Башка суроо болгон жок», — деди Бакыт Төрөбаев.

Бүгүн парламенттин жыйынында депутат Шайлообек Атазов Бишкек жана Ош аэропорттору ижарага берилип жатканын айтты.

Эл өкүлүнүн айтымында, бул операциялар дээрлик түн жамынып тымызын жүргүзүлүп келген.

«Өткөн жолу аэропортторду ижарага берүү мүмкүн эмес деп айтканбыз. Бул келишимдер жокко чыгарылды окшойт. Бирок андан кийин дээрлик түн жамынып, сүйлөшүүлөр дагы деле уланууда», — деди Шайлообек Атазов.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Баткенге барбаганына эл өкүлү да нааразы болду. Шайлообек Атазов аткаруу бийлигинин башчысы аэропорттор менен алек болуп калган окшойт деген оюн айтты.

Добавить комментарий