КР медиа коомчулугу Адам укуктары күнүнө карата онлайн телекөпүрө өткөрөт

Адам укуктарынын күнүндө Кыргызстандын медиа коомчулугу Кыргызстандагы жалпыга маалымдоо каражаттарын колдоо максатында ар кайсы өлкөлөрдүн ЖМК өкүлдөрү менен онлайн телекөпүрө өткөрөт.

Адам укуктарынын эл аралык күнүнө карата журналисттер онлайн телекөпүрө өткөрүшөт. Бул тууралуу Kaktus.media «Кыргызстандын ЖМКларынын аракет платформасына» шилтеме берип жазат.

«Журналисттер Кыргызстандагы жана катышуучу-өлкөлөрдөгү сөз эркиндигинин абалын, ар кандай кысым, куугунтуктоо, массалык маалымат каражаттарына бөгөт коюу учурларын, ЖМКга мыйзамдуу чектөөлөрдү жана учурдагы кырдаалга жергиликтүү жана эл аралык деңгээлде жооп кайтаруу боюнча жалпы аракеттерди талкуулашат», — дешти алар Уюмда.

Иш-чарага Грузия, Молдова, Украина, Казакстан журналисттери, Нью-Йорктогу Журналисттерди коргоо комитети жана Justice for Journalist (Лондон) журналисттери катышат.

Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар президент Садыр Жапаровго кайрылуу менен ЖМКларга жана журналисттерге кысым көрсөтүүнү токтотуу, Кыргызстандагы сөз эркиндигин жана медиа ишмердүүлүгүн чектеген мыйзам чыгаруу демилгелерин жокко чыгаруу өтүнүчү менен кайрылышат.

Добавить комментарий