Кошо каржылоо программасынын алкагында Ошто 36 муниципалдык долбоор ишке ашырылат


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2022/07/speech-72956-1658490553-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев бекитилген шаарды кошо каржылоо программасына ылайык долбоорлордун аткарылышын текшерди.

Иш сапардын алкагында М.Исаев No43, No72, No73, No74, No78, No80 көчөлөрүнө канализацияларды тартуу иштери жүргүзүлгөн Достук кичи районунда болду. Бул кичирайондо дагы үч көчөгө канализация жүргүзүү пландалууда. Жалпысынан бул кичирайондогу 100 ашык үйгө канализация түйүндөрү тартылат. Кошумчалай кетсек, аталган кичирайондо No51 көчөнүн боюна бетон арыктарды орнотуу, Юбилейная, Маидов көчөлөрүнө асфальт төшөө иштери жүрүп жатат.

Мындан тышкары, биринчи вице-мэр үч көп кабаттуу үйдүн фасадына сырдоо иштери жүргүзүлгөн Төлөйкөн кичи районунда болду. Белгилей кетсек, аталган программанын алкагында Масалиев көчөсүндөгү көп кабаттуу No98 үйүнүн кире бериштерин жана чатырын оңдоо, ошондой эле Амир-Тимур кичи районунун No180,182,198, 202, 205 көчөлөрүндө жана 219-кварталындагы газ түтүгүн салуу боюнча иштер жүрүп жатат.

Долбоорлордун аткарылышы менен таанышуунун алкагында М.Исаев тиешелүү кызматтар иштин сапатын жана мөөнөттөрүн катуу көзөмөлгө алуусу керектигин баса белгиледи.

Үстүбүздөгү жылы жергиликтүү бюджеттен кошумча каржылоо программасынын долбоорлоруна 25 миллион сомго жакын каражат каралган. Бүгүнкү күндө жалпы суммасы 14,5 млн сомдук 36 долбоор ишке ашырылууда.

Кошо каржылоо программасына катышуу үчүн Ош шаарынын жашоочулары иштердин жалпы суммасынын 50% ын чогултушу керек, ал эми калган сумманы Ош шаарынын мэриясы берет. Бул программага кичи райондордун инфраструктурасын жакшыртуучу (жолдорду асфальттоо, балдар аянтчаларын куруу, канализациялык, ирригациялык тармактарды реконструкциялоо), көп кабаттуу үйлөрдүн фасаддарын сырдоо, чатырларды, жылуулук тармактарын оңдоо, домофондорду, кире бериш эшиктерди орнотуу жана башка иштер катыша алат.

Добавить комментарий