Коомдук транспорттун ишине жарандар кайда арыздана алышат. Номерлер

Бишкек мэриясы техникалык кеңеш ар жума сайын коомдук транспорттун – автобустардын, жүргүнчү ташуучу кичи автобустардын жана троллейбустардын иштешине байланыштуу жарандардын кайрылууларын карап жатканын билдирди.

Ошондой эле каякка жазып, чалуу керектигин эскертти:

  • Мэриянын шаардык транспорт бөлүмү (кичи автобустардын ишин көзөмөлдөйт) – 53-36-48, WhatsApp-номери (0550) 14-36-37;
  • Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы (автобустар) – (0553) 02-27-53;
  • Бишкек троллейбус башкармалыгы – (0700) 41-19-05.

Муниципалитет белгилегендей, үч уюм тең ЖМКларда жана социалдык тармактарда келип түшкөн даттанууларды көзөмөлдөп турушат жана техникалык кеңеш жарандардын арыздарын жана даттанууларын караган жума сайын өткөрүлөт.

Добавить комментарий