Контрабанда: олкодон маска чыгарууга аракет кылган Кыргызстандык

Кыргыз жараны Казакстанга 100 минге жакыг медициналык маскаларды чыгарып кетууго аракет кылган. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмү билдирди.

Анын айтымында, 13-мартта «Чон-Капка-жол» чек арадагы кызматкерлер кошуна өлкөгө медициналык буюмдардын контрабандасын кармашкан.

«1987-жылы туулган Кыргызстандын жараны  И.К. Volvo машинесинде чек арага келген. Текшерүүнүн жүрүшүндө, ал, кургатылган жер-жемиштер салынган каптардын астында жашыруун колдоо документтери жок медициналык маскалар табылга «, — деп айтылат билдирүүдө.

Жүктөрдүн жалпы наркы 1 млн 400 мин сомдон ашуун түзгөн.

Эске салсак, 2020 жылдын 3-марттан тартып өкмөт Тескемеге ылайык, алты айдын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагынан дары-дармек жана медициналык багыттагы буюмдарды ташып чыгууга убактылуу тыюу салуу белгиленген.

«Тиешелүү документтерди Кыргыз Республикасына карата Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка караштуу машинанын айдоочусу жана жүк териштирүү үчүн өткөрүлүп берилди», — деп чек ара кызматы билдирди.

Добавить комментарий